27.03.2019 16:52

«Электр станциялары» ААК директорунун жесири: Жолдошум дарыгерлердин шалаакылыгынан каза тапты

«Электр станциялары» ААК директорунун жесири: Жолдошум дарыгерлердин шалаакылыгынан каза тапты

20-мартта «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Аскар Эшимбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Маркумдун жубайы Фатима Эшимбекова анын өлүмү - дарыгерлердин шалаакылыгы жана тажрыйбасыздыгынан улам болгонун айтып, КР президентине, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековго, башкы прокурорго, УКМК төрагасына, омбудсмен, ИИМ министри, саламаттык сактоо министрине борбордун дарыгерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Фатима Эшимбекованын April.kg порталына билдиргенине караганда, жолдошу Камбар-Ата ГЭСине жумушчу сапар менен барып, 14-мартта кайра кайтып келатканда ичи катуу ооруп баштаган. Бишкекке жетер менен Эшимбековду ыкчам түрдө Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборго жаткырышкан. Ал жактан дарыгерлер «курч аппендицит» диагнозун коюп, Сапар Кааров аттуу дарыгер операция жасаган. Анын жүрүшүндө аппендикс жарылбаганы аныкталып, баары ийгиликтүү жыйынтыкталгандай болгон. 

«Операциядан кийинки төртүнчү күнү жолдошумда жөтөл пайда болуп, дем алууга оор болуп баштады. Анын бул абалы туурасында 19-мартта дарыгерлердин эртең мененки көзөмөлү учурунда байкоочу дарыгери Б.М. Имановго айттык, ал жөтөлдүн жана дем алуунун кыйындашынын себебин аныктабай туруп эле «Мукалтин» жазып берип койду. Жыйынтыгында жолдошумдун абалы ого бетер оорлошту», - дейт Фатима Эшимбекова.

Анын айтымында, бейтаптын абалы тууралуу дарыгер Сапар Кааровго билдиришкенде, ал  «анестезияга карата организмдин көнүмүш реакциясы» деп жооп берген. 20-март күнү Аскар Эшимбеков инфаркт болуп, каза тапкан. 

«Менин жолдошум, Аскар Эшимбеков, болгон күчүн жана убактысын мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылууга жумшаган. Ал өлкөнүн энерготутумунун өнүгүшүнө чоң салым кошуп, дагы далай инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жаткан, бирок дарыгерлердин шалаакылыгынан өмүрү кыйылды. Жолдошумду мага эч ким кайтарып бербейт. 4 балам атасыз калды. Дагы башка адамдар жабыркабасын, бул ишти жакын арада карап чыгууңуздарды өтүнөм», - деп айтылат Фатима Эшимбекованын жогору жактагыларга жазган кайрылуусунда.

April.kg бул боюнча комментарий алуу үчүн Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборго кайрылып, бирок натыйжа чыккан жок.